Долбоордун алкагында «Кош-Коргон айылын электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу» чакан долбоору айылдын тургундары тарабынан тандалып алынган. Учурда тендердик процедуралар өткөрүлдү. Тендердин жыйынтыгы менен электр жабдыктарды жана материалдарды тапшырууга 4 компания тандалып алынды. Бул компаниялар 2 айдын аралыгында төмөндөгү жабдыктарды «Ош электро» ААКнун кампасына жеткиришет. Андан соӊ «Ош электро» ААК графиктин негизинде Сиздин айылда ВЛ 6-10 кВ, 0,4 кВ жана ТП- 250 кВА көмөк чордонун реконструкциялоону баштайт. Сатып алынуучу жана «Ош электро» ААК кампасына жеткирилүүчү жабдыктар жана материалдар: 1 Опора СВ-95 – 26 даана. 2 Траверсы 0,4 кВ – 30 даана. 3 Изолятор ТФ-20 – 120 даана. 4 Провод А-70 – 397 кг. 5 Шкаф КТП – 1 комп. 6 Трансформатор масляный ТМ 250 кВА – 2 даана.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation