Долбоордун алкагында «Шыбыран айылын электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу» чакан долбоору айылдын тургундары тарабынан тандалып алынган. Учурда тендердик процедуралар өткөрүлдү. Тендердин жыйынтыгы менен электр жабдыктарды жана материалдарды тапшырууга 4 компания тандалып алынды. Бул компаниялар 2 айдын аралыгында төмөндөгү жабдыктарды «Ошэлектро» ААКнун Кадамжай РЭТнын кампасына жеткиришет. Андан соӊ «Ошэлектро» ААК графиктин негизинде Сиздин айылда (ВЛ 6-10 кВ, 0,4 кВ) аба чубалгыларын жана (ТП 160 кВА, ТП 250 кВА) көмөк чордонунун реконструкциялоо иштерин баштайт. Сатып алынуучу жана «Ошэлектро» ААК Кадамжай РЭТнын кампасына жеткирилүүчү жабдыктар жана материалдар: 1 Опора СВ-110 – 20 даана. 2 Опора СВ-95 – 50 даана. 3 Траверсы 10 кВ – 20 даана. 4 Траверсы 0,4 кВ – 50 даана. 5 Изолятор ШФ-10 – 120 даана. 6 Изолятор ТФ-20 – 200 даана. 7 Провод А-50 – 588 кг. 8 Провод А-35 – 760 кг. 9 Трансформатор масляный ТМ 160 кВА – 1 даана. 10 Трансформатор масляный ТМ 250 кВА – 2 даана.
👍
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation