Долбоордун алкагында «Кара-Булак айылын электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу» чакан долбоору айылдын тургундары тарабынан тандалып алынган. Учурда тендердик процедуралар өткөрүлдү. Тендердин жыйынтыгы менен электр жабдыктарды жана материалдарды тапшырууга 4 компания тандалып алынды. Бул компаниялар 2 айдын аралыгында төмөндөгү жабдыктарды «Ош электро» ААКнун кампасына жеткиришет. Андан соӊ «Ош электро» ААК графиктин негизинде Сиздин айылда ВЛ 6-10, 0,4 кВ жана ТП-160 кВА көмөк чордону реконструкциялоону баштайт. Сатып алынуучу жана «Ош электро» ААК кампасына жеткирилүүчү жабдыктар жана материалдар: 1 Опора СВ-110 – 27 даана. 2 Опора СВ-95 – 104 даана. 3 Траверсы 10 кВ – 32 даана. 4 Траверсы 0,4 кВ – 83 даана. 5 Узел крепления укоса У-3 – 21 даана. 6 Изолятор ШФ-10 – 81 даана. 7 Изолятор ТФ-20 – 316 даана. 8 Провод А-50 – 1385 кг. 9 Провод А-35 – 2000 кг. 10 Шкаф КТП – 1 комп. 11 Автомат-160 А – 1 даана. 12 Трансформатор масляный ТМ 100 кВА – 1 даана.
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation