АРИСтин «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» долбоорунун алкагында Сиздин айылдык аймакта саламаттыкты сактоо кызматын жакшыртуу боюнча бир катар иштер жасалды. Алар: ✔️айылдарда Долбоордун киришүү чогулуштары жана муктаждыктарды сурамжылоо, ✔️артыкчылыктуу муктаждыктарды аныктоо үчүн айылдарда онлайн талкуулар, ✔️аныкталган артыкчылыктуу муктаждыктар боюнча Саламаттыкты сактоо боюнча райондук мекемелер менен кеӊешүүлөр. Жыйынтыгында, Сиздин Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын Аткаруу (КАИА) комитетинин мүчөлөрү чечүүчү тандоо жасап, АРИСке каржылоого төмөндөгү чакан долбоорду сунуштады: 🔴Достук айылдагы №9 УДТна медициналык жабдууларды (көчмө рентген, ЭГК, УЗИ, ФЭК ж.б.) сатып алуу. 👉Бул шилтеме аркылуу аткаруу комитетинин протоколу менен тааныша аласыз.-http://rep.aris.kg/EReports/000050552/
This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation